Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:14

Висконсин штатында белгисиз адам 6 кишини атып кетти


АКШнын Висконсин штатында сикхтердин ибадатканасында белгисиз адам 6 кишини атып салды. Окуя Оук-Крик шаарында ондогон киши жекшемби күнкү таатка чогулган кезде болгон. Полиция ок ачкан адамды атып өлтүргөнү кабарланууда. Бир нече киши, анын ичинде бир полициячы оор жараат менен ооруканага жеткирилди. Кол салган адамдын аты-жөнү тууралуу маалымат азырынча жок.


"Биз муну ички террордук инцидент катары сыпаттап жатабыз. Федералдык иликтөө бюросунун аны териштирүүгө ресурстары жетиштүү", - деди Оук-Крик шаарынын полиция башчысы Жон Эдвардс.

Президент Барак Обама кайгылуу окуяга байланыштуу “терең өкүнүчүн” билдирди. Эки жумадай мурун Колорадо штатында 12 бейкүнөө киши куралчан адамдын колунан каза тапкан.

XS
SM
MD
LG