Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:01

Көлдө мөндүрдөн эгин аянттары зыянга учурады


Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда 3-августта жааган мөндүрдөн эгин аянттары зыянга учурады. Азыр райондук жарандык коргоо мекемеси тарабынан материалдык чыгым такталып жатканын "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов кабарлады.

Анын айтымында, Садыр-Аке айыл аймагында жалпы аянты 1200 гектар, Семеновка айыл аймагында 1500 гектар жана Темир айыл аймагында 200 гектар жер зыянга учурады. (RK)

XS
SM
MD
LG