Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:46

Баткенде таш көмүр кымбаттады


Баткенде таш көмүр быйыл кымбат сатылууда. Бир тоннасы 8-10 миң сом. Былтыр ушул эле маалда бир тоннанын баасы 6-8 миң сом болчу.

Көмүрдүн баасын карап чыгуу, кымбаттоонун себептерин аныктоо боюнча комиссия түзүлдү. Баткен облус губернаторунун милдетин аткаруучу Жеңиш Разаковдун айтымында, комиссиянын курамына облустук администрация жана тиешелүү мекеме өкүлдөрү кирди. Жыйынтыгына жараша өкмөткө сунуш берилет.

Учурда Сүлүктү шаарындагы шахталарда расмий баа тоннасына 6200 сомго чейин.
Быйыл бул шаардагы 16 шахта 174 миң тонна көмүр өндүрүүнү пландаган. Өткөн жылы аталган шахталар 164 миң тонна көмүр казып алышкан. Өндүрүлгөн көмүрдүн көпчүлүк бөлүгү тажикстандык алармандарга кетет. (JsA/RK)

XS
SM
MD
LG