Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:48

Жалал-Абад прокуратурасы Батыровдун дооматын четке какты


Кадыржан Батыровдун Жалал-Абад шаарындагы, Сузактагы, Ноокендеги жана Базар-Коргондогу ага таандык мүлктүн көпчүлүгү жеке адамдардын пайдасына бөлүштүрүлүп, алар аркылуу үчүнчү бирөөлөргө сатылып кетти деп айтканы чындыкка дал келбейт.

Бул тууралуу бүгүн Жалал-Абад облустук прокуратурасы билдирип, Батыровго таандык делген мүлк боюнча документтерди толтуруу мыйзам чегинде, күбөлөрдүн көзүнчө, ачык жүргүзүлгөнүн белгиледи.

Июнь коогасы боюнча айыпталып, чет өлкөгө качып кеткен Кадыржан Батыров Кыргызстандагы мал-мүлкү таланып-тонолуп кеткенин айтып чыккан болчу.

Кыргызстандын прокуратура органдары болсо анын дооматтарын четке каккан. Башкы прокурордун орун басары Нурлан Жээналиев Кадыржан Батыровдун башкаларга каттаттып, мүлкүн жашырып калуу аракеттеринин бети ачылганын жана жакында сот чечим чыгарса ага таандык деп саналган 28 объект мамлекетке өткөрүлөөрүн жарыялаган. (RK/KJ)

XS
SM
MD
LG