Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:56

Жаңы курулуп жаткан мектептер текшерилет


Бул тууралуу “Азаттыкка” Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки жана мектептердеги билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Үсөналиев билдирди. Анын айтымында, ушул жылдын башынан бери мектептерди куруу министрликтен Курулуш жана аймактык өнүгүү боюнча мамлекеттик агенттикке берилген.

Буга чейин Нарындын Кочкор районундагы Молдо Кылыч айылында зилзаладан жабыркаган мектепти куруу токтоп калганы айтылган. Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбек Жусупбеков мындан улам жаңы окуу жылында 200дөн ашуун окуучу кайда окууру белгисиз экенин “Азаттыкка” билдирген.

Билим берүү министрлигинин жогорку адиси Бакыт Кадыркуловдун “Азаттыкка” билдиришинче, жыл башында Каржы министрлигине куруу керек делген 175 мектептин тизмеси жөнөтүлгөн. Мурдагы жылы жана былтыр 46 мектепти куруу башталган. Алардын теңине жакыны 80-90 пайыз курулуп бүткөн. Аягына чыгаруу үчүн 107 миллион сом керек. Бирок акча толук берилбей жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG