Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:21

Кумтөрдө 120 адам жумушсуз калды


Кумтөрдүн профсоюз комитетинин башчысы Алмазбек Жакыповдун “Азаттыкка” маалымдашынча, аталган кенди иштетип жаткан компания казууга даярдалып жаткан жаңы аянттагы ишти токтотуп койду жана анын себебин түшүндүрбөй жатат. Мунун айынан 120 адам ишсиз калды. Жакыповдун айтымында, сүйлөшүүлөрдөн кийин алардын теңин кайра ишке алуу жагы караларын билдирүүдө.

Экономикалык-коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрагасы Осмонбек Артыкбаев жаңы аянтта иш планга ылайык токтотулганын, бошогон жумушчуларды ишке орноштуруу каралып жатканын “Азаттыкка” маалымдады. Компаниянын өзү бул боюнча түшүндүрмө бере элек. Учурда мамлекеттик комиссия Кумтөрдү текшерип жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG