Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:29

Египет: 15 полициячыны өлтүргөн адамдар жазасын алат


Египет бийлиги Израиль менен чек арада жергиликтүү 15 полициячыны атып кеткен куралчан адамдар жазасын алат деп ишендирди. Окуя жаңы президент Мухаммад Мурси үчүн биринчи дипломатиялык сынак болуп калды. Чек арадан өтүүгө аракеттенген адамдардын сегизин атып өлтүргөн Израиль Каирди Синай жарым аралындагы коопсуздук көзөмөлүн күчөтүүгө үндөдү. Жөөт коргоо министри Эхуд Барак теракт Египет үчүн коңгуроо болууга тийиш деди. Президент Морси жекшемби күнкү кол салуунун артында тургандар кыянат иши үчүн жооп берерин билдирди. Газа тилкесинин вице-премьери Мохамед Авад болсо Хамас башкарган аймактагы согушкерлердин окуяга тиешеси жок деди.

XS
SM
MD
LG