Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:03

Иордания Сирия премьери мекенинен качканын бышыктады


Кошмо Штаттары Сирия өкмөт башчысынын өлкөдөн качышы Башар Асад режиминин урай башташын далилдейт деп билдирди. Ак Үйдүн басма сөз катчысы Жэй Карнинин айтымында, Асад режими “ичинен ыдырап жатат” жана анын соңуна саналуу күндөр гана калды. Франциянын тышкы мекемеси Рияд Хижабдын каршы тарапка өтүшү режим “зомбулукту тандап алгандыгы үчүн” колдоодон ажырап жатат деп комментарийледи.

Экс-премьердин жардамчысы ал өлкөдөн качууну 2 ай мурун Асад ага кызматты сунуш кылып, опузалаганда эле пландай баштаганын айтат.

Иорданиянын расмий өкүлү Хижаб үй-бүлөсү менен өлкөгө келгенин бышыктады. Мурдагы айыл чарба министри өкмөттү жетектөөгө ушул июндун этегинде дайындалган. Анын маалымат катчысы Мохамед ал-Атри экс-премьер Асад күчтөрүнүн “геноцидине” каршылык билдирүү иретинде козголоңчуларга кошулуп жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG