Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:36

Йеменде согушкерлердин базасына сокку урулду


Йемендин Рада шаарына жакын жерде болжол менен америкалык пилотсуз учак "ал-Каиданын" турумдарына сокку урду. Операцияда канча киши өлгөнү белгисиз. Рада бир кездери согушкерлердин таяныч шаары деп саналчу. Маалыматтарга караганда, ишембиден бери согушкерлер бөлүктөрүн башка жерлерге которуп жатышкан. Йемендин коопсуздук кызматы түштүктөгү Жаар шаарында радикал исламчылар деп шектелген 6 киши колго түшүрүлгөнүн билдирди. Ишембиде ал жерде жанкечтинин жардыруусунан 45 киши мерт кеткен.

Кечээ мамлекет башчы Абд Раббо Мансур хади экс-президент Али Абдалла Салехтин уулун республикалык гвардиянын 7-бөлүгүнүн командачылыгынан четтетти. Бул буйрук Йемен куралдуу күчтөрүн реформалоо багытындагы кадам катары каралууда.

XS
SM
MD
LG