Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:27

Өзбекстан Ислам кыймылынын лидери мерт болду


Өзбекстан Ислам кыймылына жакын вебсайттын маалыматына ылайык, уюмдун лидери Осман Адил Пакистанда пилотсуз учактын соккусунан ажал тапты. Сайт топтун лидери болуп анын орун басары Осман Гази дайындалганын кабарлады. Адил кандай жагдайда набыт кеткени белгисиз.

Өзбекстан Ислам кыймылы 1991-жылы түптөлгөн. Уюм президент Ислам Каримовду төңкөрүп, шариятка негизделген ислам мамлекетин – халифат түзүүнү максат кылат. Алардын машыгуу лагерлери Пакистандын Вазиристан аймагында жайгашкан.

XS
SM
MD
LG