Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:04

Ысык-Көл: Эки айда жети адам жол кырсыгында мерт болду


Ысык-Көл районунда соңку эки айда жол кырсыгынан жети адам набыт болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" райондук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Былтыр да июн-июл айларында аталган райондо унаа кырсыгында жети адам өлгөн.

Райондук милиция башчысы Бакыт Матмусаевдин айтымында, катталган жол кырсыктарынын саны былтыркыга караганда азыраак. Былтыр жайдын алгачкы эки айында 31 автокырсык катталган. Быйыл - 24.

Ысык-Көл району жайкысын туристтер көп каттаган аймак болуп эсептелет. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG