Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:42

Бишкекте унаа жол бетиндеги белгилер жаңыртылууда


Бишкектин чоң көчөлөрүндө унаа жол бетине ак боек менен түшүрүлгөн белгилер жаңыртылып жатат. Шаар мэриясынан кабарлашкандай, мындай иш Байтик баатыр, Жибек Жолу, Фучик көчөлөрү жана Манас проспектинде жүргүзүлөт.

Жолдо жүрүү эрежелеринин сакталышын камсыз кылуучу белгилер көпчүлүк жерде өчүп, көрүнбөй калган. Мисалы, жөө жүргүнчүлөр өтө турган жерде мындай белги көрүнбөй калгандыктан машиналар токтобой өтүп кетүүдө. Жаңыртып боёш үчүн мэрияда акча жок экени айтылып келген. (RK)

XS
SM
MD
LG