Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:10

Филиппиндин борборун суу каптады


Филиппин бийликтери билдиргендей, нөшөрлөп жааган жаандан улам борбор калаа Маниланын жарымын суу каптады. Шаарда бала-бакчалары, кеңселер, тейлөө кызматтары ишин токтотуп, он миңдеген адамдар шаардан чыгып кетүүгө мажбур болду. Бийликтер айрым райондордо суу ташкынынын бийиктиги 1 жарым метрге чейин жеткенин маалымдоодо. Кырсыктан жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жок. Филиппин метеорологдору кырдаал мындан да начарлашы мүмкүн экендигин айтып, жарандарды сактыкка чакырууда. Өткөн айдын аягында өлкөнүн түндүк тарабында катталган "Саола" тайфуну 50 адамдын өмүрүн алып кеткен эле.

XS
SM
MD
LG