Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:01

Чүй: Байыркы эстеликтер ЮНЕСКОнун тизмесине сунушталат


Чүй облусунун аймагында жайгашкан айрым байыркы эстеликтер ЮНЕСКОнун "Улуу Жибек жолунун эстеликтери" тизмесине сунушталат. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Маданият жана туризм министрлигинин маалымат катчысы Эркин Каимов кабарлады.

Бишкектин чыгыш тарабында, Токмокко жакын жерде жайгашкан Красная речка, Бурана жана Ак-Бешим орто кылымдарда Чүй өрөөнүндөгү мыкты өнүккөн маданий жана соода борборлору болчу. Байыркы Улуу Жибек жолундагы бул шаарлардын калдыктары учурда тарыхый эстелик деп саналат. Аларды сактап калуу жергиликтүү бийликтин милдети экени бүгүн министрликтин жетекчилиги өткөргөн жыйында айтылды. Жыйынга Чүй жана Ысык-Ата райондорунун акимдери катышты. (RK)

XS
SM
MD
LG