Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:06

ӨКМ Кадамжайдын кооптуу жеринде ишин улантууда


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери Кадамжайда тоодон таш кулап түшө турган кооптуу жерлерде иштей баштады. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" аталган министрликтин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов кабарлады.

Кооптуу жерлердеги таштар турак үйлөрдү басып калбашы үчүн тоо боорундагы таштар атайын казылган чуңкурга түшүрүлөт.

26-июнда таңга жуук Баткен облусундагы Кадамжай шаарчасынын Киров көчөсүндөгү №32а үйдү тоодон кулаган чоң таш бузуп өтүп он метр төмөн жерге токтогон. Үйдүн ичиндеги бир адам мерт болуп, экөө али күнчө ооруканада. (RK)

XS
SM
MD
LG