Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

Лондон-2012: камерундук 7 спортчу жоголуп кетти


Камерун өлкөсүнүн спорттук аткаминерлери Лондондогу олимпиада оюндарына катышуу үчүн келген 7 спортчусу дайын дарексиз болуп жатканын билдирүүдө. 5 мушкер, 1 сууда сүзүүчү жана 1 футболчу кыз экономикалык жагдайдан улам Камерундун курама командасын таштап, Европада калуу үчүн жашынып алышканы айтылууда. Буга чейин да Камерундун футбол боюнча аялдар курама командасынын кошумча дарбазачысы Олимпиада оюндары башталганга чейин эле дайынсыз болуп кеткен. Бүгүн 7 спортчуну Олимпиада айылынан издеп таба алышкан жок.
XS
SM
MD
LG