Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:24

Массачусетстин депутаттары Тоолуу Карабактын эгемендигин колдошот


АКШнын Массачусетс штатынын мыйзам чыгаруучулары президент Барак Обаманы Тоолуу Карабактын “демократиялык эгемендигин” колдоого үндөгөн резолюцияны кабыл алышты. Штаттын Өкүлдөр палатасы жактырган документте өткөн айда чөлкөмдө болгон шайлоо “демократиялык багыттагы олуттуу кадам” болуп калганы белгиленет.

Май айында ушундай эле резолюцияны Род Айленд штатынын депутаттары кабыл алышкан. Эки жерде тең демилгени Тоолуу Карабактын АКШдагы бейрасмий өкүлчүлүгү сүрөөнгө алган.

Армения менен Азербайжан 1988-1994-жылдары анклав үчүн согушуп, тараптар азыркыга чейин мунасага келе элек. Бир дагы өлкө Тоолуу Карабактын көз карандысыздыгын тааныган эмес.

XS
SM
MD
LG