Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:45

Лондон олимпиадасы: Британия алтындын санын көбөйттү


Олимпиаданын кожоюну Британия кечээ алтын медалдарынын санын 22ге чейин жеткирди. Акыркы 100 жылда Олимпиада оюндарында өлкө мындай ийгиликке жетише элек эле.

Орусиялык жеңил атлетчи Иван Ухов да кечээ алтын медал тагынды. Орустардын медал кампасына сууда синхрондуу сүзүү боюнча чемпиондор Наталья Ишенко менен Светлана Ромашина да салым кошту.

Ирандык оор атлетчи Бехад Салимикордашиаби 105 килограмм салмакта штанга көтөрүүдө алтын медаль утту. Мекендеши Гасем Резаи болсо күрөш боюнча чемпион наамын жеңди.

Медалдардын жалпы саны боюнча Кытай 73 медаль менен биринчиликти сактап келатат. Экинчи орунда 70 медалга ээ болгон АКШ командасы кала берүүдө.

XS
SM
MD
LG