Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:04

Пенсионерлерди тоногон топ пайда болду


Бишкекте пенсионерлердин акчасын тоногон кылмыштуу топ пайда болду. Бул тууралуу бүгүн шаардык милиция билдирди.

Кылмышкерлер улгайган адамдардын үйүнө кирип барып аларга Орусия өкмөтү акчалай жардам бергени жатканын айтып, өзүлөрүн Социалдык фонддун кызматкери деп тааныштырууда. 100 доллар же орус рублинин көбүрөөк суммадагы акчасын алып чыгып, кайра кайтарып берүүгө майдасы жок экенин айтканда пенсионерлер болгон акча-тыйынын каткан жеринен алып чыккан учурда түрдүү шылтоо менен баарын алып качып кетүүдө.

Бүгүнкү күнгө карата мындай окуядан 3-4ү катталды. (RK)

XS
SM
MD
LG