MegaCom уюлдук компаниясынын (“Альфа Телеком” жабык акционердик коому) жетекчилиги боюнча сот процесси ачык өтөт. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" соттолуучулардын тарапкерлери кабарлады.
MegaCom компаниясындагы коррупция боюнча кылмыш иш Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралмай болууда. Соттун алгачкы отуруму 10-августта өтөт.
Учурда дээрлик жарымына өкмөт ээлик кылган MegaCom уюлдук операторуна коррупциялык схемалар аркылуу 142 миллион сомдон ашуун зыян келтирген деген шек менен “Альфа Телеком” башкы директору Азамат Мурзалиев, жоопкерчилиги чектелген “Новострой Сервис” коомунун башчысы Аман уулу Кенжебек жана “Альфа Телекомдун” башкы директорунун кеңешчиси Алмазбек Абеков алты айдан бери тергөө абагында жатат.
Алар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет койгон айып негизсиз экенин, ага макул эмесин айтып келет. (RK)