Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:31

Таласта төө буурчактын баасы көтөрүлдү


Таласта төө буурчактын баасы көтөрүлдү. Былтыр сентябрда бир килограммы 30 сомдун тегерегинде болчу, азыр 48. Айрым жерлерде дыйкандар өстүргөн төө буурчагын 50 сомдон сатууда. Баанын жогорулашы төө буурчак сатып алган фирмалардын арасында атаандаштык пайда болгонуна байланыштуу экени айтылууда. Себеби буга дейре таластык дыйкандар өстүргөн төө буурчакка бир-эки гана фирма ээлик кылып, каалаган баасына сатып алып кетчү. Быйыл алардын саны алтымыш бирге чыкты.

Талас облустук мамлекеттик администрациясынын агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн берген маалыматы боюнча, былтыркы жылдын 1-сентябрынан быйылкы 1-августка чейин Таластан 62 миң 92 тонна же орточо эсеп менен 2 миллиард сомдон ашык баадагы төө буурчак чет мамлекеттерге экспорттолду.

Таластын төө буурчагы эң колориялуу деп эсептелет. Аны айрыкча Түркияга жана ошондой эле Болгарияга, Сербияга, Орусияга, Казакстанга, Хорватияга, Иракка жана Иранга алып кетишет. (MbA/RK)

XS
SM
MD
LG