Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:43

“Пусси Райот” рок тобуна сот өкүмү августтун ортосунда чыгат


Москванын Хамовнич соту “Пусси Райот” рок тобунун мүчөлөрүнө өкүмүн 17-августта угузмай болду. Мария Алехина, Надежда Толоконникова жана Екатерина Самуцевич “бейбаштык кылган” деп айыпталып жатат. Алар ушул жылдын февраль айында Христос куткаруучунун ибадатканасында президент Владимир Путиндин бийликте кала беришине каршы ырдап чыккандан кийин камакка алынган эле.

Прокурор соттон айыпталуучуларга үч жыл жаза сурап жатат. Адвокаттар болсо, кыздардын толук акталып кетүүсүн күтүп жатышат.

Толоконникова бүгүн акыркы сөзүн сүйлөп жатып, өлкө бийлигин авторитаризм жана адам укугунун бузулушу, чиркөөнү эки жүздүүлүгү үчүн айыптады.

“Пусси Райоттун" мүчөлөрү Amnesty International укук коргоо уюму тарабынан абийир туткундары деп таанылган.

XS
SM
MD
LG