Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:08

Ооганстанда эки жанкечти жыйынга кол салды


Ооганстандын чыгыш тарабындагы Кунар провинциясынын жергиликтүү административдик кеңешине эки жанкечти кол салды. Жарылуудан бир киши мерт болуп, дагы бир нече киши жараат алганы кабарланды. Бийликтин маалымдашынча, жанкечтилер кеңеште жыйын өтүп жаткан учурда имараттын жанында бир нече жарылуучу түзүлүштү иштетип жиберишкен. Чиновниктер арасында жабыркагандар бар-жогу азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG