Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:11

Amnesty International Алепподогу кырдаалга кабатыр


Укук коргоо уюму кандуу кагылышуулар уланып аткан Алеппо шаарындагы тургундардын оор абалына тынчсыздануусун билдирди.

Укук коргоочулардын билдиришинче, сателлиттен алынган сүрөттөрдө эл жашаган аймактарга жакын эле жерлерде оор аскер техника көп пайдаланылып жатканы көрүнүп турат.

Amnesty International өкмөттүк күчтөргө да, козголоңчуларга да карапайым тургундарга карата жасалган бардык кылмыштар уюмдун өкүлдөрү тарабынан жазылып жатканын жана бул иштер үчүн күнөөлүүлөр жазадан кача албай турганын эскертти.

Буга чейин Алеппонун согуш туткунунда калган тургундары тууралуу өз оюн Сириядагы эл аралык байкоочулар миссиясынын башчысы Бабакар Гайе билдирген. Сириялык оппозициячылар ушул тапта Алеппонун дээрлик жарымы алардын көзөмөлүндө экенин ырастап жатышат. Маалыматтарга караганда шейшемби күнү эле кыркка чукул киши мерт болгон.

XS
SM
MD
LG