Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:01

Казакстан Осадченко боюнча Кыргызстандын Баш прокуратурасына кайрылды


Казакстан Кыргызстандын Баш прокуратурасына кайрылып, Александр Осадченкону өткөрүп берүү өтүнүчү менен кайрылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. Бирок бул өтүнүч Осадченконун качкын макамын сураган арызы боюнча чечим чыккандан кийин гана каралат.

6-августта Александ Осадченко Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигине качкын макамын берүүнү сурап кайрылган. Аталган министрликтин качкындар менен иштөө бөлүмүнүнүн башчысы Базаркүл Керимбаева мыйзам боюнча анын арызы алты ай аралыгында каралаарын, бирок Осадченконун убактылуу кармоо жайында жатканын эске алып, арызы тез арада каралышы мүмкүн экенин билдирди.

Александр Осадченко 10-июнда Бишкектеги борбордук көчөлөрдүн биринен казакстандык белгисиз изкубарлар тарабынан кармалган. Аны Казакстанга жашыруун алып кетүүгө аракеттенишип, бирок окуяга күбөлөр кийлигишип, милицияга кабарлаганы айтылган.

Милиция териштирүү учурунда Осадченконун өз мекенинде кылмыш иши бар деген негиз менен аны камакка алууга соттон уруксат сурап, ал азыр Бишкек шаарындагы убактылуу кармоочу жайда камакта.

Ал эми Александр Осадченконун өкүлү жана жактоочусу ал Казакстанда укук коргоочулук ишмердүүлүгү үчүн куугунтукталып, саясий максатта кысмакка алынып жатканын айтты. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG