Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:28

Сирияда барымтага алынгандардын арасында мурдагы аскер кызматкерлери бар


Ирандын тышкы иштер министри Али Акбар Салехи Сирияда барымтага алынган 48 ирандыктын ичинде Ислам революциясын коргоочулар корпусунун мурдагы мүчөлөрү бар экенин, азыр алардын армияга эч кандай тиешеси жоктугун билдирди. Буга чейин расмий Тегеран барымтада калгандар шииттердин ыйык жерлерин кыдырып жүргөн зыяратчылар экендигин айтып жаткан.

Сириядагы козголоңчулар барымтага алынган ирандыктар өлкөгө чалгындоо максаты менен келгендигин ырастоодо. Иран өз жарандарын бошотуу боюнча жардам сурап, БУУга жана Түркияга кайрылды.

XS
SM
MD
LG