Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Марстагы космос көлүгү түстүү сүрөт жибере баштады


Америкалык Curiosity (Кюриёсити) көлүгү жерге кызыл планетадагы алгачкы түстүү сүрөттөрдү жөнөттү. Сүрөттөрдө Гейл кратеринин аймагындагы ландшафт көрсөтүлгөн. Марста жүрчү аппарат дем алыш күнү эртең менен кызыл планетага конгон эле.

Космостук аппарат Марста эки жыл болот. Анын негизги милдети – Гейл кратеринин сырткы бетин иликтеп чыгуу. Адистерди ырасташынча, микроорганизмдер аркылуу жашоонун белгилерин таап чыгуу мүмкүнчүлүгү бар.

Curiosity долбоорунун баасы эки жарым миллиард долларды түзөт. Бул АКШнын 1970-жылдан берки биринчи жолку космостогу астробиологиялык миссиясы.

XS
SM
MD
LG