Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:16

Ботаникалык бакта чыккан өрттүн себеби аныкталды


Кечээ (8-август) кечинде Бишкектин түштүк-чыгыш четиндеги Ботаникалык бакта өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун айтымында, кырсыкка тамеки тарткандардын этиятсыздыгы себеп болду. Жалпысынан беш гектар жердеги бактар, куураган чөп күйүп кетти. Өрт өчүргүчтөр тилсиз жоо менен бир сааттай алышты.

Э.Гареев атындагы Ботаникалык бак Кыргыз улуттук илимдер академиясына карайт. Ал 1938-жылы негизделген. Жалпы аянты 150 гектар. Аламүдүн суусунун сол жээк тарабынан орун алган. Бак аралап сейилдейм деген каалаган адам анын ичине кире алат. (RK)

XS
SM
MD
LG