Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:34

Ооганстандан безгек жуктуруп келгендер катталууда


Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги безгек оорусунун жайылып кетпеши үчүн тиешелүү чараларды көрүүдө. Бүгүн аталган министрликтен кабарлашкандай, Ооганстанга оор жүк ташуучу унаа айдап барып келген бир кыргызстандык айдоочудан бул оору табылды. Жалпысынан безгек жуктургандардын саны үчөө. Алардын бири Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунан, экинчиси Чүйдүн Сокулугунан жана дагы бирөө Бишкектен.

Бишкекте Ооганстанга оор жүк ташыган беш компания иштейт. Айдоочуларынын жалпы саны 350дөй адам. Ооганстан безгек көп катталган өлкө деп эсептелет.

Эл арасында түшүндүрүү, ооруну алдын алуу иштери жүрүп жатат. Кооптуу делген айылдарга атайын дары чачылды.

Ал эми Ош облусунун Араван районуна атайын балык өстүрүүчү жай курулмай болууда. Адистердин айтымында, гамбузий деген балык безгек ташыган чиркейлерди жок кылууга жардамдашат.

Безгек - жугуштуу оору. Аны ооруган адамды чагып алган чиркейлер соо адамдарды чагып жуктурат. Эгер убагында дарылабаса өлүмгө дуушар болушу ыктымал. Айрыкча кош бойлуулар жана балдар. (RK)

XS
SM
MD
LG