Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:26

Милицияда катталган өспүрүмдөрдүн спорт мелдеши өтүүдө


Бишкекте милициянын каттоосунда турган өспүрүмдөр арасында спартакиада өтүп жатат. Бул тууралуу бүгүн шаар мэриясынан кабарлашты. Иш-чаранын максаты - кылмыштуулуктун алдын алуу, сергек, таза жашоого үндөө. Спорттук оюндар Ак-Өргө жаңы конушунда, Фучик атындагы паркта жана Асанбай кичи районундагы бассейнде өтүп жатат.

Шаардык мелдешке буга чейин райондук таймашты жеңип алган өспүрүмдөр катышууда. Байгелүү орун алгандарга диплом, белектер тапшырылат.

"Азаттыкка" Бишкек милициясынан кабарлашкандай, учурда ар кандай тартип бузуулары үчүн каттоого алынган балдардын саны Бишкекте алты жүздүн тегерегинде. (RK)

XS
SM
MD
LG