Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:59

Ысык-Көл: Милицияга кайрылган туристтер көбөйдү


Көлдүн эс алуучу жайлар эң көп жайгашкан Ысык-Көл районунда милицияга кайрылган туристтер көбөйдү. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, быйыл туристтик сезон башталгандан бери эс алуучу жайларда 32 кылмыш катталып анын жетөөнүн бети ачылды. Былтыр ушул маалда 22 кылмыш катталып 13үнүн бети ачылгын. Туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кечээтен тарта облустук милициянын борбордук аппаратынан 30 кызматкер Ысык-Көл районуна кошумча күч катары жөнөтүлдү. Учурда райондо 400дөн ашуун милиция кызмат өтөөдө. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG