Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:56

Генералдар Медведевди сындашты


Орусиялык бир катар мурдагы жана азыркы жогорку аскердик жетекчилер өкмөт башчы Дмитрий Медведевди сындап чыгышты. Орус-грузин урушунун 4 жылдыгын утурлай жарык көргөн документалдуу фильмде генералдар ошол кездеги президент жана куралдуу күчтөрдүн жогорку командачысы Медведев Түштүк Осетиядагы согуштук операция жөнүндө буйрукту өтө кеч, Путиндин телефон чалуусунан кийин гана берген, натыйжада чыгым көп болгон деп айыпашат. Премьер күч колдонуу чечими керектүү учурда, башкача айтканда грузин армиясы аскердик операцияны баштагандан 2 жарым саат өткөндөн кийин кабыл алынганын айтып актанууда. Ал эми 2008-жылдын 8-августунда Бээжинде жүргөн ошол кездеги өкмөт башчы Владимир Путин кечээ журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Медведевге 2 жолу телефон чалганын айтты.

- Ооба, мен Дмитрий Медведеге 2 ирет телефон чалгам. 7 жана 8-август күндөрү. Коргоо министри менен да байланышкам. Биз проблеманы чогуу талкуулаганбыз.

Анын айтымында, Орусия Грузия менен куралдуу жаңжалга даяр болчу жана 2007-жылы эле атайын план бекитилген. Интернетте пайда болгон тасманын авторлору Медведев ошол планды аткарбай койгон деп сындашат.

XS
SM
MD
LG