Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:12

Пакистан премьери сотко чакырылды


Пакистандын премьер-министри Ража Первез Ашраф Жогорку сотко келип, президентке каршы коррупция боюнча кылмыш ишин жандандырууга аракет көрбөй жатканын түшүндүрүүгө милдеттендирилди. Сот менен өкмөт көптөн бери эле тирешип келатат. Эки ай мурун экс-премьер Юсуф Реза Гилани соттун чечимине баш ийбей койгон деген айып менен кызматынан алынган. Жогорку сот премьер Швейцария бийлигине кат жолдоп, президент Асаиф Али зардариге каршы ишти кайра ачууну өтүнүшү керек деген талабын койгон. Өкмөт болсо президенттин кол тийбестигин жүйөө катары келтирип, ага каршы болууда. Жогорку сот Ашраф сотко 27-августта чакырылышы мүмкүн деп билдирди.

XS
SM
MD
LG