Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:43

Ак-Сууда суурлардын санын жөнгө салуу иши токтоп турат


Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда суурлардын санын жөнгө салуу иши токтоп турат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Аңчылык департаментинин облустук бөлүмүнүн башчысы Төлөгөн Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, быйыл план боюнча аталган райондо бир миң суур атылыш керек болчу. Бирок чума оорусу катталганына байланыштуу бул иш токтоп турат. Себеби Эңилчек өрөөнүндө карантин жарыяланган.

Ал эми облустун башка райондорунда бул иш-чара августтун 15инен тарта сентябрдын 10уна чейин жүргүзүлөт.

Суурлардын санын тиешелүү калыпта кармап туруу үчүн атуу иштери мамлекет тарабынан дайыма өткөрүлүп турат.

Эңилчек тарапта суурлардын арасында чума илдети чыкканы тууралуу быйыл жайдын башында белгилүү болгон. Бирок тиешелүү дары-дармек жетишсиз экени айтылууда. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG