Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:19

Сабировдун тарапкерлери аны каралоо жүрүп жатканын айтууда


Ишинен убактылуу четтетилген социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировдун тарапкерлери ага карата атайылап каралоо жүрүп жатат деп эсептейт. Бул тууралуу алар бүгүн Ошто өткөрөн маалымат жыйынында айтты. Айрым жалпыга маалымдоочу каражаттарда жана интернетте чыгып жаткан терс пикирлерди токтотууга чакырды.

Ошондой эле алар жарандык коомдун кээ бир өкүлдөрү тарабынан Сабировдун дарегине айтылып жаткан сын чындыкка төп келбесин айтууда.

“Эгер каралоо улана берип, Сабировдун акталышына кедергисин тийгизсе, нааразылык акцияларын уюштурабыз”,- деди Сабировду коргоо комитетинин өкүлү Мамашарип Токтобаев.

Бирок комитет мүчөлөрү Равшан Сабировду каралаган, чындыкка жатпаган маалымат кайсы жалпыга маалымдоо каражатында же интернет сайтта чыкканын так айтып бере алган жок.

Социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабиров пара алды деген кине менен 5-июлда кармалып, 25-июлда үй камагына чыгарылган. Тергөө аяктай элек. Ал өзү ак экенин айтууда. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG