Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:34

ВИЧке чалдыккандардын жыйыны аяктады


Бишкекте ВИЧ вирусун жуктуруп алган жарандардын улуттук форуму жыйынтыкталды. Форумга алтымыштай киши катышты. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлагандай, жыйынга өкмөт өкүлдөрү жана укук коргоочулар да катышты. ВИЧ жуккан адамдарга социалдык жана медициналык жардамды жакшыртуу маселелери талкууланды.

Форумдун жыйынтыгында резолюция кабыл алынды. Анда анын катышуучуларынын талаптары, максаттары жазылды. СПИД борборлорунда иштеген лаборанттардын эмгек акысын көбөйтүү талабы коюлду.

Соңку расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда ВИЧ жуккан адамдардын саны 3800дүн тегерегинде. Алардын үч жүздөйү - балдар. (RK)

XS
SM
MD
LG