Орусия өкмөтү бул өлкөдө жашаган мигранттарды жазалоо чараларын катуулатат. Мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси орус миграция кызматында өткөн жыйында талкууланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлайт. Миграция жана чек ара мыйзамдарын бузган жарандарды жазалоо боюнча жаңы сунуштар иштелип чыгып өкмөткө, андан кийин Мамлекеттик Думага жөнөтүлөт.
Азыр чек ара жана миграция мыйзамдарын бузгандар эки жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылууда. Келечекте 5-10 жылга чейин кесүү сунушталууда. Экинчи жолу кармалып калган мигранттарга да талап катуулайт.
Орус мыйзамдарын көп бузган чет өлкөлүк жарандар азыр беш жыл бул өлкөгө кирүү укугунан ажыраса, эми бул мөөнөт он жыл болгону жатат.
Ошондой эле эмгек мигранттарын алып келип иштеткен компанияларга да талап күчөйт.
Бейрасмий маалымат боюнча, учурда Орусияда Кыргызстандан барган бир миллиондой эмгек мигранты жашайт. (RK)