Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:03

Коррупцияга каршы улуттук кеңеш түзүү сунушталды


Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жана жарандык коом өкүлдөрү бүгүн президент Алмазбек Атамбаев менен жолукту. Коррупцияга каршы бирге күрөшүү демилгесин, бул максатта атайын улуттук кеңеш түзүү сунушун айтышты.

Депутаттардын жана укук коргоочулардын пикиринде, коррупция менен күрөш тууралуу буга чейин деле айтылып келген, бирок саясый эрктин жоктугунан маселе чечилчү эмес.

Алардын айтымында, сунушталып жаткан улуттук кеңештин курамынын ар бир үчтөн бирин президенттин, парламенттин жана жарандык коомдун өкүлдөрү түзүш керек. Алар элге сөзү өткөн, таза, бийликтегилер менен туугандык байланышы жок адамдар болуусу шарт. Эгер демилгелүү топ сунуштап жаткан жол менен барса, Кыргызстан 2017-жылы коррупциядан таптакыр арылаары айтылды.

Мамлекет башчы менен жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Өмүрбек Текебаев («Ата Мекен»), Роза Акназарова («Республика») жана “Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова катышты.

Бул маалымат Коррупцияга каршы улуттук кеңеш түзүү боюнча демилгелүү топтон алынды. (RK)

XS
SM
MD
LG