Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:33

Сирия: Башар Асад жаңы премьерди дайындады


Президент Асад саламаттыкты сактоо министри Ваэля Халкини премьер-министрлик кызматка бекитти. Мурдагы өкмөт башчы Рияд Хижаб кызматын таштап, үй-бүлөсү менен Иорданияга качып кеткенден кийин бул орунга Омар Галаважи убактылуу дайындалган эле. АКШ өкмөт башчы Хижабдын өлкөдөн чыгып, оппозиция тарапка ооп кетишин “президент Башар Асаддын режими ичтен ирий баштаганын далилдеди” деп билдирген.

БУУнун маалыматы боюнча, Сирияда 17 айдан бери тынчыбай жаткан кандуу булоондо 19 миң адам набыт болгон.

XS
SM
MD
LG