Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:25

Москвада оппозиционер кармалды


Москвада Тергөө комитетинин алдында өтүп жаткан пикет учунда “Солчул фронт” кыймылынын лидери Сергей Удальцовду полиция кармап кетти. “Азаттыктын” орус кызматынын кабарчысы окуя болгон жерден кабарлагандай, Удальцовдун жактоочулары полицияны ээрчип “Уят!” деп ураан чакырышты.

Орус оппозициясынын “Тергөө комитетин басып ал” деп аталган акциясы 6-майда кармалгандарды жана Pussy Riot панк тобун колдоп өткөрүлүүдө.

6-майда Орусиянын баш калаасында он миңдеген киши бийлик уруксат берген “Миллиондордун маршына” чогулушуп, митинг өтчү жайга өткөрбөй койгон полиция менен кагылышкан. Окуя боюнча учурда 16 адам айыпталууда.

XS
SM
MD
LG