Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:49

Украина: оппозиция Тимошенкону шайлоого катыштыруу аракетинде


Украинанын бириккен оппозициясы экс-премьер-министр, учурда абакта отурган Юлия Тимошенконун жана мурдагы министр Юрий Луценконун парламенттик шайлоого катышууга укугу бар экендигин айтууда. Оппозиция өкүлдөрү Тимошенко менен Луценкону талапкерлердин тизмесине каттабай койгон Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарууну өтүнүп сотко кайрылды. “Өзгөрүү фронту” партиясынын лидери Арсений Яценюк абактагы лидерлердин шайлоого катышуусуна украин Баш мыйзамы жана эл аралык укук жол берерин билдирүүдө.

Украинанын мурдагы өкмөт башчысы Юлия Тимошенко Орусия менен болгон газ келишими үчүн айыпталып, 7 жылга эркинен ажыраган. Ал эми Тимошенконун учурунда Ички иштер министрлигин жетектеген Юрий Луценко кызматтык кылмыштары үчүн күнөөлөнүп, 4 жылга эркинен ажыратылган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG