Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:06

Америкалык дипломат Кыргызстандагы коопсуздук маселесин талкуулады


АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин күч түзүмдөрү боюнча кеңешчиси Роберт Коборн кыргыз өкмөтүндө бир катар жолугушууларды өткөрдү. Өкмөттүк аппарат башчысынын орун басары Көлбай Мусаев менен ички иштер органдарын реформалоо, коррупцияга жана маңзаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөш маселелерин талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлайт. Юстиция министрлигинин Соттук экспертиза борборунун материалдык-техникалык жабдуусун жакшыртуу долбоору да талкууланды. (RK)

XS
SM
MD
LG