Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:26

Мамдепартамент Ооганстандагы жанкечтинин терактын айыптады


АКШнын Мамлекеттик департаменти Ооганстандын Кунар вилаетиндеги жанкечтинин терактын айыптады. Жардыруудан ЮСАИДдин кызматкери, эл аралык бейпилдик күчтөрүнүн 3 жоокери жана карапайым ооган киши мерт кеткен.

Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон жасаган билдирүүдө ЮСАИДдин кызматкери Рагаи Абделфаттах акыркы бир жылда Ооганстанга саясий, экономикалык жана коопсуздукту камсыздоо жагынан колдоо көрсөтүүдө абдан маанилүү иш аткарган жана башкаларга үлгү болуп берет деп айтылат. Белдерине бомба тагынган эки жанкечти Абделфаттахка жана бир нече кишиге жакындап барып, өздөрүн жардырып жиберишкен.

XS
SM
MD
LG