Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:39

Сирия: Ваэля Халки премьер-министр кызматка бекитилди


Сириянын президенти Башар Асад саламаттыкты сактоо министри Ваэля Халкини премьер-министрликке бекитти. Мурдагы өкмөт башчы Рияд Хижаб кызматын таштап, үй-бүлөсү менен Иорданияга качып кеткенден кийин бул орунга Омар Галаважи убактылуу дайындалган эле. АКШ өкмөт башчы Хижабдын өлкөдөн чыгып, оппозиция тарапка ооп кетишин “президент Башар Асаддын режими ичтен ирий баштаганын далилдеди” деп билдирген.

БУУнун маалыматы боюнча, Сирияда 17 айдан бери тынчыбай жаткан кандуу булоондо 19 миң адам набыт болгон.

Ал ортодо Иран Сирия өкмөтү менен оппозицияны сүйлөшүү өткөрүүгө үндөдү. Тышкы иштер министри Алм Акбар Салехи Тегеран чет мамлекеттердин Сирияга аскердик интервенциясына каршы жана БУУнун кризисти чечүүгө багытталган аракеттерин колдойт деди.

XS
SM
MD
LG