Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:08

Кофи Аннандын ордуна Лахдар Брахими келиши мүмкүн


Reuters агенттигинин билдиришинче, Бириккен улуттар уюму менен Араб лигасынын Сириядагы чабарманы Кофи Аннандын ордуна жакынкы күндөрдө 78 жаштагы алжир дипломаты Лахдар Брахими дайындалышы мүмкүн.

1990-жылдардын башында Брахими Алжирдин тышкы иштер министри болуп иштеген. Ага чейин ал Алжирдин Араб лигасындагы өкүлү болуп келген.

Лахдар Брахими БУУнун дипломатиялык кызматтарында да жүргөн. Үстүбүздөгү жылдын февраль айында БУУ менен Араб лигасынын Сириядагы чабарманы болуп дайындалган Кофи Аннан Сирияда токтобой жаткан кандуу кагылышуулар анын тынчтык планын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк бербей жатканын айтып, кызматтан кетерин жарыялаган. Сирияга жазында 300 куралсыз байкоочулар жөнөтүлгөн. Алар тирешип жаткан тараптарды мунасага келтирип, жараштырууга таасир этиши керек эле. Бирок Кофи Аннандын айтымында, эл аралык аракеттер жыйынтыксыз болуп жатат.

XS
SM
MD
LG