Кумтөрдө кен казып алуу иши бүгүнтөн тарта убактылуу токтотулду. Бул тууралуу "Кумтөр оперейтинг" компаниясы кабарлайт. Убактылуу консервация мөөнөтүндө 110 жумушчунун 40ы ишсиз болот. Фабриканын ишинин убактылуу токтошунун себеби кен запастарынын азайып кеткенинде экени айтылууда.
Кумтөрдө иштин токтошуна байланыштуу бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Эркингүл Иманкожоева өз оюн билдирди. Анын пикиринде, мындай кадам "Кумтөр оперейтинг" компаниясы тарабынан атайын жасалууда.
"Бул ишкананы текшере турган мамлекеттик комиссиянын ишине тоскоолдук кылуу максатында жасалууда. 2005-жылы да аларды текшеребиз деп комиссия барганда жаап коюшкан", - дейт депутат. (RK)