Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:17

Сириядан качкандардын саны 150 миң кишиге жетти


БУУнун маалыматында, Сирияда айыгышкан кандуу кагылышуулардын кесепетинен 150 миңге чукул киши өлкөдөн качып чыгышты. Качкындардын көпчүлүгүн, 50 миңге жакынын Түркия кабыл алды. Калган он миңдеген качкындар коңшу Иордания, Ливан жана Иракта башпаанек таап жатышат.

Сириянын Алеппо жана Дамаск шаарларында өкмөттүк күчтөр менен козголоңчулардын кагылышы уланып жатат. Өткөн айда аскерлер кандуу атышуулардан кийин Алепподон козголоңчулардын көбүн кысып чыгарганын билдиришкен. Бирок оппозициянын өкүлдөрү Дамасктын бир катар чет аймактарында активдүүлүгүн көрсөтүп жатышат. Укук коргоочулардын билдиришинче, бүгүн Дамасктын тургундары шаар четинде атышууларды жана катуу жарылууну укканын айтышкан.

XS
SM
MD
LG