Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:53

Ооганстанда АКШнын үч аскери жергиликтүү тургун тарабынан өлтүрүлдү


НАТО баштаган эл аралык күчтөрдүн (ISAF) билдиргенине караганда, окуя Гилменд провинциясынын Гарсмир районунда болгон. Аларды аткан ооган НАТОнун ал жердеги базасында иштечү, бирок куралга кантип жеткени белгисиз.

Мунун алдында, кечээ ошол эле Гилменд провинциясында полиция колбашчысы жана анын адамдары америкалык үч аскерди кечки тамак үстүндө коопсуздук маселесин талкуулоого чакырып, бирок өлтүрүп салышкан.

Ага чейин шейшемби күнү ооган армиясынын кийимин кийген эки адам өлкө чыгышында америкалык бир аскерди мерт кылышкан.

Эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн расмий өкүлү, генерал Гүнтөр Катцтын айтымында, бул окуялар өз-өзүнчө болгон жана Ооганстандагы жалпы кырдаалды чагылдырбайт.

Бирок ооган полициячылары менен аскерлери батыштык кесиптештерине курал көтөргөн учурлар быйыл өскөн.

НАТО быйыл мындай 26 кол салууну каттап, андан 34 киши набыт болгон. Былтыр жыл ичи 21 жолку кол салууда 35 киши мерт болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG