Хиллари Клинтондун Стамбулда түрк лидерлери жана сириялык активисттер менен жолугушуулары белгиленген.
Алар расмий Дамаскка каршы санкцияларды сезилерлик кылуунун жолдорун жана эгер Башар Асаддын өкмөтү куласа, бийликтин өткөрүлүшүнө даярдыктарды талкуулары күтүлүүдө.
Мамкатчынын Түркияга сапары алдында АКШ жума күнү Сириянын мамлекеттик Sytrol мунай компаниясына каршы санкцияларды киргизди.
АКШнын Каржы министрлигинин билдиргенине караганда, алар “Хезболла” тобун Сирия боюнча санкцияга жайылтылуучу уюмдардын кара тизмесине кошту.
Ливандагы шийиттердин бул согушчан тобун Вашингтон мурда эле террорчул уюмдардын тизмесине киргизген жана ал АКШнын санкциясы алдында болчу. Эми жума күнкү кадам бул топту Сириядагы кыянатчылыктарга ачык байланыштырып турат. (UE)