Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:10

Паспорттун баасы арзандайт


Ушул жылдан тарта паспортту 20 пайызга арзан жана эки эсе тез алууга болот. Мындай маалыматты Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Аалы Карашев айтканын өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү 10-августта жарыялады.

Аалы Карашевдин билдирүүсүндө, жалпы жарандык паспортту 10 күндө, ал эми ID картты 5 күндө алууга мүмкүн болот.

Ушул айдын аягында паспортко жарандардын аты-жөнүн киргизген мамлекеттик борбордун ачылуусу күтүлүүдө. Ал эми паспорттун өзүн жеке компания жасамакчы. Мурда паспортко аты-жөнү тууралуу маалыматты “Интер Линкс” деген жеке фирма жазчу. Жаңы мамлекеттик ишканага 70 кызматкер алынды.

Өкмөттөн кабарлашкандай, кийинчерээк документ даярдаган мамлекеттик басмакана ачуу да каралууда. (AKu)

XS
SM
MD
LG